"Аляскадагы эң чоң түндүк жаркырагы! Танана дарыясынын үстүнөн тартылган адамга башкача бир сезим тартуулаган көрүнүш", — деп жазган видеонун автору.
Кадрдан карап тургандарды жомокко бөлөгөн, жашгылт өңү басымдуулук кылган өзгөчө кооз түстөрдүн кубулуп, ойногондугун, ал көрүнүштүн жай агып жаткан дарыянын үстүнө чагылганын көрүүгө болот.
Бул кубулуш күндүн электр заряддарынын бөлүкчөлөрү Жердин атмосферасына кирип, кычкылтек менен азоттун бөлүкчөлөрү менен кагышканда пайда болот.