АКШда бир суткада коронавирустун бир миллиондон ашык учуру катталды

Учурда коронавирустун Америка Кошмо Штаттарында көбөйүп, эпидемиологиялык абал кыйын болуп жатканы айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. АКШда биринчи ирет бир суткада бир миллиондон ашык киши коронавирус жуктуруп, рекорддук көрсөткүч катталды. Бул тууралуу РИА Новости Жонс Хопкинс университетине таянып жазды.
"Рекорддук көрсөткүч: 2022-жылдын 3-январында коронавирустун 1 082 549 учуру катталды", — деп айтылган маалыматта.
Франс Пресс агенттиги да бул дүйнөлүк рекорд болгонун кабарлады.
Бразилияда грипп менен COVID-19ду бирдей жуктурган учур аныкталды