Шейшембиге карата аба ырайы

4-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.
Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Шейшембиде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +3...+8, Таласта +2...+7, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 5...+10, Ысык-Көл өрөөнүндө -1...-6, Теңир-Тоодо -15...-20 градус суук болору күтүлөт.
Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, +7...+9 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Каракол КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору болуп расмий жарыяланды. Сүрөт