ӨКМ кызматкери пауэрлифтинг боюнча Азия чемпионатында коло алды. Сүрөт

Турнир Түркиянын Стамбул шаарында өтүп, ага 10 мамлекеттин атлеттери катышкан. Ага ӨКМ кызматкери Айбек Мурзамитов катышып, байгелүү кайтты.
Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткендеги кызматкери Айбек Мурзамитов пауэрлифтинг боюнча Азия чемпионатында үчүнчү орунду алды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Мелдеш Түркиянын Стамбул шаарында өткөн.
Ага Япония, Индия, Кытай, Иран, Ирак, Монголия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын спортчулары катышкан.
Коло медаль алган Мурзамитов ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Баткен шаардык жана райондук бөлүмүнүн №31 кароол жетекчиси болуп иштейт, прапорщик наамы бар.
Кыргызстандык балбан кыздар Москвадагы дүйнө чемпионатында алтын алды. Сүрөт