БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Кыргызстанда көмүр саткан ар бир үчүнчү кампа бааны көтөрөт. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жүргүзгөн рейдинин жыйынтыгында белгилүү болгон.
3-январдагы маалыматка карата, Монополияга каршы кызмат өлкө боюнча 420 жолу кыдыруу жүргүзүп, көмүр саткан 1 633 жайды текшерген.
"Баалардын жогорулашына жол бербөө боюнча 533 билдирүү, мыйзам бузууларды жоюу тууралуу 197 буйрук берилди. 36 айып салынды", — деп билдирди кызмат.
Белгилей кетсек, өткөн жылы октябрда көмүрдүн кымбаттап кетишин токтотуу максатында өкмөттүн атайын токтому чыккан. Анын негизинде Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги ар бир аймакта кара алтындын баасын бекитип, көзөмөл жүргүзүп турат. Сууктун түшүшү менен бардык аймакта көмүр кымбаттаганы байкалган.