Тарыхта биринчи жолу! Кыргызстан футзал боюнча Азия кубогунун тандоо турун өткөрөт

Турнир 1-15-апрель аралыгында өтөт. Азия футбол конфедерациясы Кыргызстанды тандоо турнирин өткөрө турчу жак катары бекитти.
Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Кыргызстан биринчи ирет 2022-жылы өтө турган футзал боюнча Азия кубогунун тандоо турун өткөрөт. Бул тууралуу КРдин футбол союзу билдирди.
Азия футбол конфедерациясы Кыргызстанды футзал боюнча Азия кубогунун бириктирилген жана түштүк аймак боюнча тандоо турнирин өткөрө турчу жак катары расмий бекиткен.
Турнир 1-15-апрель аралыгында өтөт. Ал эми 6-январда тандоо раундуна чүчү кулак кармалат. Форматка ылайык, бириккен аймакта төрт командадан турган эки топ түзүлөт. Кыргызстандын курама командасы Тажикстандын командасы менен бир тор баштыкка туш келди.
Бириккен борбордук жана түштүк аймакка 8 мамлекет кирген.
Тор баштыктын курамы:
1.
№ 1: Иран, Өзбекстан;
2.
№ 2: Кыргызстан, Тажикстан;
3.
№ 3: Түркмөнстан, Афганистан;
4.
№ 4: Непал, Мальдив.
Тандоо раундунун жыйынтыгында ар бир топтон экиден эң мыкты команда тандалат. Белгилей кетсек, 2022-жылкы футзал боюнча Азия кубогу 25-сентябрдан 20-октябрга чейин Кувейтте өтөт.