Centerra тынчтык макулдашуусу боюнча Кыргызстанга койгон 5 талабын жарыялады

Ишкананын сайтына пресс-релиз жарыяланды. Анда сунушталган келишимде камтыла турган кээ бир шарт-талаптар айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Канадалык Centerra Gold компаниясы Кумтөр кени боюнча талаш-тартышты чечүү үчүн Кыргызстандын бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн тастыктады.
Ишкананын сайтына пресс-релиз жарыяланды. Анда сунушталган келишимде камтыла турган кээ бир шарт-талаптар айтылган. Кечээ күнү Кыргызстан менен Centerra Gold компаниясынын тынчтык макулдашуусун талкуулоо аяктап бара жатканы айтылган. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, келишимде "Кумтөр Голд Компани" ишканасын Кыргызстанга толугу менен өткөрүп берүү талабы коюлган.
Centerra Gold мүмкүн болгон бардык макулдашууда төмөнкү негизги шарттар камтылат деп үмүт артууда:
Centerra өзүнүн "Кыргыз алтынга" тийиштүү 26,1 пайыз акциясын алат. Өткөрүп алгандан кийин "Центерра" акцияны жокко чыгарат;
Кыргызстан компаниянын өлкөдөгү эки туунду ишканасын жана Кумтөр кени үчүн жоопкерчиликти толук өзүнө алат;
2021-жылы "Центерра" кенди камакка алуудан улам "Кыргыз алтын" ишканасына төлөбөй калган дивиденддин үч суммасын төлөп берүү жана Centerra Gold менен анын Кыргызстандагы эки туунду компаниясынын ортосундагы балансты сактоо менен байланышкан каржылык маселелердин ордун толтуруу;
"Центерранын" директорлор кеңешиндеги "Кыргыз алтындын" эки талапкеринин отставкасы;
Эки тарап тең бардык доо-арызынан биротоло баш тартып, бардык соттук териштирүүлөрдү эч бир юридикалык жоопкерчиликсиз токтотуу.
Компания белгилегендей, КРдин өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүлөр уланып жатат жана сунушталган кайсы бир чечим ишке ашарына эч кандай кепилдик жок.
Бизден алтын алабыз дегендер көп! Садыр Жапаров Кумтөр тууралуу