Радио

Дүйшөнкулова: спирт ичимдиги канча көлөмдө ичилбесин организмди ууландырат

Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация боюнча республикалык борбордун нутрициологу Марина Дүйшөнкулова майрамда спирт ичимдигин ичкен адамдар эртеси күнү таза суу гана ичиши керектигин айтты.
Sputnik
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча спирт ичимдигинин коопсуз өлчөмү жок. Алкоголду канча көлөмдө ичпеңиз, баары бир организмге терс таасир этет. Бул тууралуу Марина Дүйшөнкулова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, спирт ичимдиги организмди ууландыргандан тышкары, адамдын психикасын да бузат.
"Спирт ичимдиктери канча көлөмдө ичилбесин баары бир организмге терс таасир этет. Адам алкоголь ичкенде ысып, тердеп, бат-баттан дем алып, каны суюлат. Демек, токсин менен күрөшүп жатат. Ичкен адамдан ачуу, кычкыл, жагымсыз дем чыгат. Бул уулу заттарды чыгарып жаткан учуру. Ал эми эртеси кан коюлуп, адам катуу суусайт. Мындай учурда ичимдик ичсе кайра эле ошол процесс кайталанат. Андыктан суунун көлөмүн калыбына келтирүү үчүн таза суу ичүүдөн өтөрү жок", — деди Дүйшөнкулова.
Ал жаңы жылдык майрамды спирт ичимдигисиз өткөрүүнү каалабагандар организмине, ашказанына жараша ичиши керектигин эскертти.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз: