Чүйдө катуу ылдамдык менен автоунаа айдагандар көп катталды

ЖКККББ 27-декабрдан 2-январга чейин текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча жол эрежесин бузган 1 666 учурду каттаган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Узаган аптада Чүй облусунда айдоочулардын көбү автоунааны катуу ылдамдык менен айдап, жол эрежесин бузган 594 учур аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун коргоо боюнча облустук башкармалыктын маалымат кызматынан кабарлады.
Билдирмеге караганда, ЖКККББ 27-декабрдан 2-январга чейин текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча жол эрежесин бузган 1 666 учурду каттаган.
Рейддин жыйынтыгы төмөнкүдөй болгон:
40 айдоочу ичип алып рулга отурган;
594 киши катуу ылдамдык менен жүргөн;
20 айдоочу тиешелүү документи жок айдап жүргөн;
82 автокөлүк айып короого токтотулган.
Чет элдиктер да бар. Оштогу жол кырсыкта 10 киши жабыркап, бир адам көз жумду