Кайыр сураган келинден лыжа тепкен президентке чейин. Апта ирмеми

Sputnik Кыргызстан өткөн аптада дүйнөдө болгон эң кызыктуу окуяларды камтыган кезектеги сүрөт түрмөгүн сунуш кылат.
Sputnik
Анда Жогорку Кеңештин жаңы депутаттарынын биринчи сессиясы, Садыр Жапаровдун лыжа базасына барганы, коронавирустан улам чектөөлөргө каршы митинг, Бразилиядагы суу каптоо сыяктуу дүйнөдөгү жана өлкөдөгү окуялар чагылдырылган.
1 / 15

Жакында бузула турган "Ысык-Көл" мейманканасы. Имарат 1984-жылы курулуп, 37 жыл гана турган

2 / 15

Россияда музда бийлөө боюнча чемпионаттын катышуучулары

3 / 15

36 OneWeb аппараты бар ракета учуу алдында турат. Аталган аппараттар Жер жүзүнүн каалаган жерин жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кыла турчу космостук байланыш системасын жаратууга ылайыкташкан

4 / 15

Кабулда баласы менен кайыр сураган келин

5 / 15

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин жаңы депутаттары биринчи сессиясын өткөрдү

6 / 15

Талант Мамытов кайрадан парламенттин спикери болуп тандалды

7 / 15

Ун, жумуртка менен чабышкан Испаниядагы өзгөчө Els Enfarinats фестивалы

8 / 15

Тоңуп, муз каптаган көлүктөр. Владивостоктогу портто автоунааны түшүрүү учуру

9 / 15

Кандай кооз! Жаңы жылдык түн. Бишкектин асмандан көрүнүшү

10 / 15

"Каракол" лыжа базасында эс алган президент Садыр Жапаров

11 / 15

Жүрөк сымал. Канададагы тоңгон Бейкер көлмөсүнүн кар жаагандагы көрүнүшү

12 / 15

Словениядагы коронавирустан улам чектөөлөргө каршы нааразычылык акциясы

13 / 15

Гонконгдогу турак үйлөрдүн ортосундагы кеме түрүндөгү салынган соода борбору

14 / 15

Бразилиядагы суу ташкыны. Матрац менен суу үстүндө калкып калган эки киши

15 / 15

Израилдин ракеталык соккусунан кийин Сириядагы кампадан чыккан өрттү өчүрүп жаткан учур