Британияда альбиностордун үй-бүлөсү Гиннестин рекорддор китебине кирди

Кыздардын бири Насим Ахтар Улуттук саламаттык сактоо кызматында реабилитолог. Бир туугандары аны эң акылдуу дешет.
Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Улуу Британияда дүйнөдө альбинос бир туугандары эң көп деп табылган үй-бүлө Гиннестин рекорддор китебине киргизилди. Бул тууралуу National Geographic Россия жазды.
Улуу Британияда дүйнөдө альбинос бир туугандары эң көп деп табылган үй-бүлө Гиннестин рекорддор китебине киргизилди
Маалым болгондой, бул үй-бүлөдө сейрек генетикалык өзгөчөлүккө ээ болгон алты кыз жана эркек бар. Кыздардын бири Насим Ахтар Улуттук саламаттык сактоо кызматында реабилитолог. Бир туугандары аны эң акылдуу дешет. Насимдин айтымында, анын үй-бүлөсү абдан ынтымактуу жана оорудан өтө деле жапа чегишпейт.
Маалым болгондой, бул үй-бүлөдө сейрек генетикалык өзгөчөлүккө ээ болгон алты кыз жана эркек бар
Ахтардын үй-бүлө мүчөлөрү альбинизм дартын алып жүрүүчүлөргө кирет. Бул аларга ата-энесинен калган. Алардын ата-энеси Аслама Парвеза менен Шамим Ахтар Пакистандын тургундары.
Ахтардын үй-бүлө мүчөлөрү альбинизм дартын алып жүрүүчүлөргө кирет
Альбинизм — төрөлгөндөн тарта меланин пигменти жок тукум куума оору. Анын айынан тери, чач, каш, кирпиктин баары аппак болот.
Африкада альбиностор арасында биринчи жолу сулуулук сынагы өттү. Видео