БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Ишемби күнү белгисиз жаран Канвондо провинциясынын чыгыш бөлүгүндөгү тосмолордон ашып өтүп Түштүк Кореядан Түндүк Кореяга качып кеткенин Рёнхап агенттиги Корей мамлекетинин аскерлер жетекчилерине таянуу менен билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.
Атайын жабдык ишембиде болжол менен саат 21:20да (Москва убактысы менен 15:20) чек аранын делимитацияланган аймагынан караандын жүргөнүн байкаган. Качкындын ким экени тууралуу маалымат аныкталган жок.
"Анын артынан аскерлер жиберилип, демилитаризацияланган зонада жүргүзүлгөн операциянын жүрүшүндө саат 22:40та (Москва убактысы боюнча 16:40) демаркациялык сызыктан бирөөнүн өткөнү аныкталган. Белгисиз киши Түндүк Кореяга өтүп кеткен", — деген Корея Республикасынын штаб башчыларынын биргелешкен комитетинин өкүлү.
Жекшемби күнү эртең менен Түштүк Кореянын аскерлери КЭДРге окуя тууралуу билдирүү жөнөтүшкөн. Ал эми качкындын тагдыры белгисиз. Ошондой эле Түндүк Кореянын аскерлеринин кандайдыр бир аракеттери да байкалган эмес.
Буга чейин Түштүк Корея менен КЭДР 4-октябрдан тарта корейлер аралык байланыш каналдарынын, анын ичинде аскердик линиялардын иштешин калыбына келтиргени маалымдалган.