Радио

Сыдыков: турак жай кооперативине төлөмдү банк аркылуу гана жүргүзүү керек

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков турак жай кооперативинен үй алуудагы келишимдерди кооперативдер өздөрү иштеп чыгарын айтты.
Sputnik
Турак жай кооперативдеринен үй алуу боюнча түзүлүүчү келишимдер эки тараптуу болот. Анын шарттарын мекеме өзү иштеп чыгат. Бул тууралуу Орозбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, түзүлгөн келишимдерди сөзсүз түрдө нотариустан өткөрүп коюу зарыл.
"Жарандар кооператив менен келишим түзүүдө шашпай баарын окуп чыгып, түшүнбөгөн учурларын юристтер менен кеңешип, андан соң гана документтерге кол коюусу керек. Анткени келишим кооператив тарабынан иштелип чыгат. Анда көрсөтүлгөндөй шартта үй ала албай калган учурда же макулдашууну бир тараптуу токтоткондо каражатыңызды кандай шартта кайтарып алууңуз так ушул документте көрсөтүлөт. Ошондой эле уюмдун мөөрү коюлганына карабай келишимди нотариустан өткөрүп алыңыз. Дагы бир маанилүү жагдай, эч убакта акчаны бирөөлөр аркылуу берип жиберип же кооператив кызматкеринин колуна карматпаңыз. Жаныңызда турса да банк аркылуу төлөм жүргүзүп, квитанциянын көчүрмөсүн өзүңүзгө алып калган соң гана аны кооперативге өткөрүп бериңиз. Мына ушундай жөнөкөй кадамдар сизди турак жай кооперативине алданып калуудан сактайт", — деди Сыдыков.
Ал элдин укуктук маданиятын жогорулатуу заман талабы болуп турганын кошумчалады.