Ош шаары Жаңы жыл майрамынан кийин таштандыдан арыла албай жатат. Сүрөт

"Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасы тургундарды калааны дагы бир ирет "таза шаар" деген атка кондурууга чакырып, ал үчүн жолго таштанды ыргытпоону өтүндү.
Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Ош шаарында Жаңы жыл майрамынан кийинки тазалоо жумуштары дагы деле уланууда. Бул тууралуу "Ош-Тазалык" атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы кабарлады.
1 / 3

Ош шаарында Жаңы жыл майрамынан кийинки тазалоо жумуштары дагы деле уланууда

2 / 3

Бул тууралуу "Ош-Тазалык" атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы кабарлады

3 / 3

Жаңы жыл салтанатынан кийин Ош шаарынын борбордук аянтынан 26 куб таштанды чыккан, башкача айтканда, үч машина акыр-чикир чогултулган

Жаңы жыл салтанатынан кийин Ош шаарынын борбордук аянтынан 26 куб таштанды чыккан, башкача айтканда, үч машина акыр-чикир чогултулган. Таштандынын басымдуу бөлүгү желим баштык, үйлөмө шардын жана тамак-аштын калдыктары болгон.
1 / 2

Таштандынын басымдуу бөлүгү желим баштык, үйлөмө шардын жана тамак-аштын калдыктары болгон

2 / 2

Бирок акыр-чикир дагы деле жыйналып бүтө элек

Бирок акыр-чикир дагы деле жыйналып бүтө элек.
"Жыл бою тазалыкты сактап, Ош шаарын дагы бир ирет "таза шаар" деген атка кондуралы. Ал баарыбыздын колубуздан келет. Болгону жолго таштанды таштабай, тазаланган жерди аярласак жетиштүү", — деп жазылган ишкананын социалдык тармактагы баракчасында.
Ишкана борбордук аянтка балаты орнотулгандан кийин 20 пластик таштанды челек коюлганын кошумчалады. Ал эми жумушчулар түнкүсүн нөөмөт менен тазалоо жумуштарын аткарышкан.
Бишкектиктер экоурнага памперске чейин ыргытышат. Жеке ишкердин видеосу
Кыргызстан эс алуу боюнча алдыга чыкты. Мурдагы союздук өлкөлөрдүн рейтинги