Окумуштуулар "омикрондун" өпкөгө канчалык кооптуу экенин аныкташты

Окумуштуулар хомяктарга жана чычкандарга тажрыйба жүргүзгөн. "Омикрон" жуктурулган жаныбарлардын көбү ооруну жеңил көтөрүп, арыктап кеткендери өтө эле аз кездешкен.
Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Коронавирустун "омикрон" штаммы COVID-19дун башка штаммдарына караганда өпкөгө зыяны бир топ эле аз. Мэдисондогу Висконсин университетинин, Токио, Вашингтон университеттеринин жана Медицина мектебинин окумуштууларынын ушул тууралуу изилдөөлөрүнүн препринти Research Square журналына басылып чыкты.
Адистер белгилегендей, "омикрон" штаммы адамды анча оор эмес дартка чалдыктырышы мүмкүн. Мындай жыйынтыкка окумуштуулар бир нече хомякка жана чычкандарга жасалган эксперименттин натыйжасында келишкен. "Омикрон" жуктурулган жаныбарлардын көбү ооруну жеңил көтөрүп, арыктап кеткендери өтө эле аз кездешкен.
Буга чейин Кембридж терапевттик иммунология жана инфекциялык оорулар институтунун окумуштуулары кабарлагандай, "омикрон" штаммы өпкө клеткаларына "дельта" жана "жапайы типтеги" коронавирус сыяктуу анчалык кооптуулук жаратпайт.
The Telegraph басылмасы Түштүк Африканын Улуттук жугуштуу оорулар институтунун жана Претори университетинин окумуштууларына таянуу менен коронавирустун "омикрон" штаммында адам өлүмү башка штаммдарга салыштырмалуу 75 пайызга аз катталарын жазышкан.
Изилдөөчүлөр жакын арада эндемикалык фазага алып келе турган "оорунун жана өлүмдүн көрсөткүчтөрүн толук ажыратуу менен" эпидемияга чекит коюлат деп эсептеп жатышат.
Вирусолог пандемия кандай учурда бүтөрүн айтты
Путин: "Спутник V" жаңы штамм "омикрондон" коргой турганы анык