БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Кыргызстандыктар жаңы жылда эң көп эс алгандардын сап башында турат. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналында жарыяланган инфографикадан көрүүгө болот.
Мурдагы союздук өлкөлөрдүн ичинен кыргызстандыктардай узак эс алгандар жок. Россиялыктар 9 күн үйдө болушат. Түштүк Осетия менен Абхазия эс алууну андан сырткары дагы эки күнгө жылдырган.
Эң аз эс алган өлкө Түркмөнстан деп аныкталган, анын жашоочулары болгону үч күн үйдө болушат экен.
Кыргызстандын министрлер кабинети мурдараак жаңы жылдык эс алууну 9 күн кылган чечим кабыл алган.
"2022-жылдын 15-январындагы дем алыш күн 4-январдагы иш күнгө (тийиштүү түрдө 15-январь 4-январдын ордуна иш күнү болуп саналат), 26-февралдагы дем алыш күн 5-январдагы жумуш күнгө, 26-марттагы дем алыш күн 6-январдагы жумуш күнүнө жылдырылды", — деп айтылган маалыматта.