Жаңы жыл түнү мас болуп машина айдаган 29 айдоочу кармалды. Рейтинг

Өткөн жылдын акыркы күнү милиция жолдо атайын рейд жүргүздү. Анын жыйынтыгы менен Жол кайгуул милициясы айдоочуларга кайрылуу жасаган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Жол кырсыктарын жана жол эрежесин одоно бузууну алдын алуу максатында Кыргызстандын бардык аймагында Жол кайгуул кызматы рейддерди өткөрүп жаткандыгын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
31-декабрда өлкө аймагында 681 жол эрежесин бузуу катталган. Алардын ичинен 29 айдоочу мас болуп унаа башкарып бара жаткан.
Жол кайгуул милициясы тарабынан катталган эреже бузуулар:
жол белгилеринин талаптарын аткарбоо — 208;
өтмөк жолдордо эреже бузуу — 93;
айдоочулардын белгиленген ылдамдыктын чегинен ашып кетиши — 64;
мас абалында унаа башкаруу — 29;
тиешелүү документтери жок автотранспорт каражаттарын башкаруу — 19;
транспорт каражаттарын каттоо эрежелерин бузуу — 19;
балдарды ташуу эрежелерин бузуу — 19;
жасалма айдоочулук күбөлүк менен автоунаа айдоо — 15;
мамлекеттик номери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 4;
айнектери караңгылатылган унааны башкаруу — 4;
транспорт каражатын кайра жабдуу — 3;
карама-каршы тилкеде транспорт каражатын башкаруу — 3;
автобейбаштык — 2.
Рейддин жыйынтыгында 69 унаа айып короого токтотулду.
Жол кайгуул милициясынан эскерткендей, өзүнө ашыкча ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана айлана-чөйрөгө көңүл коштук менен мамиле кылуу көбүнчө кесепеттүү болот.
Жаңы жыл күнү кандай кылмыштар катталды. ИИМдин статистикасы
Кыргызстан эс алуу боюнча алдыга чыкты. Мурдагы союздук өлкөлөрдүн рейтинги