COVID 38 кишиден аныкталып, эки бейтап көз жумду. Соңку маалымат

Ооругандар Бишкек жана Ош шаарлары менен Жалал-Абад облусунда катталды. Калган региондордо акыркы суткада вирус жуктургандар жок.
Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада 38 кишиден коронавирус инфекциясы чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Ооругандар:
Бишкек — 32;
Ош — 4;
Жалал-Абад — 2.
Башка аймактарда вируска кабылгандар катталган жок. Пандемиядан бери Кыргызстанда 184 786 адамдан коронавирус табылды.
Өткөн суткада илдет жуктурган эки бейтап көз жумуп, баш-аягы каза тапкандар 2 804 болду.
Ошондой эле 32 бейтап айыкты. Расмий маалыматтар боюнча, былтыр жаздан бери COVID инфекциясынан 179 903 адам ооруп сакайды.
Акылбек Жапаровдун орун басары Аалиевден коронавирус табылып, обочолонууга өттү
Балээден алыс болосуң! Министрлик бет кап тагынуунун зарылдыгын эскертти