Радио

Жунушев: коомдогу окуялар сүрөтчүлөрдүн эмгектерине таасир берет

Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Жакшыбек Жунушев коомдо болуп жаткан көйгөйлөр сүрөтчүлөрдүн эмгектерине таасир берип, түстөрдүн өзгөрүшүнө алып келгендигин айтты.
Sputnik
Сүрөт искусствосунда кандай гана тематикадагы эмгек болбосун, сүрөтчү өзүнүн жан дүйнөсүндөгү ойлорду чыгармага чыгарып жиберет. Бул тууралуу Жакшыбек Жунушев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдөгү көйгөйлөр, улуттар аралык катнаштар, социалдык абалды сүрөтчүлөр сөзсүз эмгектерине кошуп, окуяларды чагылдырышат.
"Ар бир сүрөтчү ички дүйнөсүндөгү ойлорду эмгектерине чыгарат. Сүрөтчүлөрдүн мүдөөсүн жалпылап айтуу абдан кыйын. Ар бири өзүнүн дүйнө таанымына жараша окуяларга баа берип, ошого жараша чечим чыгарат. Бирок акыркы 5-10 жылдагы жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөлөрүнө көңүл бура турган болсок, өзгөрүүлөр көрүнөт. Коомдо болуп жаткан көйгөйлөр сүрөтчүлөрдүн эмгектерине таасир берип, түстөрдүн өзгөрүшүнө алып келгени байкалат. Анткени жан дүйнөсүндөгү сезимдерди чыгармага аралаштырууга аракет кылат экен. Кызыл, кара түстөрдүн эмгектерде камтылышы көп ойду айтып турат", — деди Жунушев.
Ошондой эле адис кыргыз сүрөт өнөрүнүн мектеби түптөлүп калганы бул тармакта келечегибиз бар экенинен кабар берерин кошумчалады.