Эс алуу күндөрү Караколдо эл аралык жарманке өтөт

Саамалык Каракол шаарынын 2022-жылы "Шериктештиктин маданий борбору" макамын алышына карата уюштурулууда.
Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдө эл аралык кышкы жарманке уюштурулат. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ART and COOL — KARAKOL аталышындагы иш-чара 5-7-январь күндөрү өтөт.
Анда жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн, ошол аймактын тургундарынын колунан чыккан продукциялары, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери эс алуучуларга сунушталат. Андан сырткары, кышкы туризм боюнча сүрөт көргөзмө уюштурулуп, концерттик программа менен коштолору айтылды.
Саамалык Каракол шаарынын 2022-жылы "Шериктештиктин маданий борбору" макамын алышына карата уюштурулууда.
Караколдо жеке ишкана заманбап гемодиализ борборун ишке киргизди