ИИМ диний экстремизмди алдын алуу үчүн кандай аракет көргөнүн айтып берди

ИИМдин алдындагы кызмат бир катар уюмдардын катышуусунда диний экстремизмди алдын алуу боюнча жолугушуу, семинар, тегерек стол, кеңешмелерди уюштурган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Республика боюнча 2021-жылы диний экстремизмди алдын алуу боюнча коомчулук арасында жалпы 4 500дөн ашуун иш-чара өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, иш-чараларда министрликтин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан даярдалган 9 миңге жакын усулдук буклеттери жана эстеткичтери таратылган.
"2021-жылдын ичинде республиканын аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, күч түзүмдөрүнүн, мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиянын, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын, жергиликтүү диаспоралардын, аксакалдар жана аялдар кеӊешинин, жаштар комитетинин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандык активисттердин жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда диний экстремизмди алдын алуу боюнча жолугушуулар, семинарлар, тегерек столдор, кеңешмелер уюштурулган", — деп жазылат маалыматта.
Мындан сырткары, билим берүү мекемелеринде дагы иш-чаралар өткөрүлгөн.
Уюшкан кылмыштуулук: ИИМ 1000ден ашуун кишини каттаган, тогузу таасирдүү