Сүйүнчү! Жаңы жылдык сандар: бир суткада 265 бөбөк төрөлдү

Облустар боюнча карай келгенде Жалал-Абадда наристелер арбын төрөлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Кыргызстанда бир суткада жалпысынан 265 бөбөк төрөлдү. Алардын теңинен көбүрөөгү уул, жарымынан азыраагы кыздар. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Жыл жаңырары менен биринчи төрөлгөн бөбөк Талас облусунда болгон. Ымыркай саат 12ден бир мүнөт өткөндө жарыкка (00:01) келген. Андан төрт мүнөттөн кийин (00:05) дагы бир эркек бала Сузак районундагы төрөлгөн. Таластагы наристе 3,160, Сузактагы бөбөк 3,600 килограмм менен түшкөнү айтылды.
"Жалпысынан республика боюнча 265 наристе төрөлсө, алардын 144ү уул, 121и кыз болду. Булардын ичинен эгиздер да бар, алар Бишкек шаарындагы перинаталдык борбордо жарыкка келди", — деп айтылган маалыматта.
Ал эми аймактар боюнча бөлө келгенде Жалал-Абадда наристелер арбын төрөлгөн, тагыраагы, саны 64 болсо, экинчи орунга (56 ымыркай) Бишкек чыккан.
Быйыл 1000дей ымыркайга Акжол, Айсулуу, Мээрим, Айпери деген ат коюлган