Жаңы жыл күнү кандай кылмыштар катталды. ИИМдин статистикасы

Укук коргоо кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштөөсүн улантып жатат. Погончондор жарандарды массалык иш-чараларды белгилөө тартибин сактоону суранат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Жаңы жылды белгилеген түндө республика боюнча 82 кылмыш бирдиктүү реестрге катталды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, 31-декабрь күнү 102 номерине жалпыcынан 599 билдирүү түшкөн.
"Жалпы өлкө аймагында оор жана резонанстуу кылмыштар катталган жок. Жаңы жылдын алгачкы түнү тынч өттү, кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. 26 жол кырсык болуп, 30 адам түрдүү жаракаттарды алган, эч ким көз жумган жок", — деп жазылган маалыматта.
Милиция эс алуу күндөрү жарандарды массалык иш-чаралардын белгилөө тартибин сактап, мыйзамдарды бузууга жол бербөөнү суранат.
Эң сонун! Бишкек милициясы өзгөчө ыкма менен куттуктады. Видео