БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 59 адамдан коронавирус табылып, 45 киши сакайып кетти. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Бишкек шаары – 33;
Чүй облусу – 9;
Жалал-Абад облусу – 8;
Баткен облусу – 6;
Талас облусу – 2;
Нарын облусу – 1.
Кыргызстанда COVID-19 илештиргендердин жалпы саны 184 748ге жетти. Анын ичинен 179 871 адам дартты жеңген.
Бактыга жараша, өткөн суткада COVID-19дан көз жумгандар болгон жок. Жалпысынан алганда пандемия башталгандан бери өлкөдө 2 802 киши вирустан каза тапты.