Жекшембиге карата аба ырайы

2-январга караган түнү Ысык-Көлдөн башка облустардын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Жекшемби күнү республиканын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлүүдө. Анткен менен Баткен, Жала-Абад жана Чүй облустарынын дыйканчалык аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн бардык аймактарында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлүүдө.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +7...+9, Таласта +5...+7, Ысык-Көл жергесинде +2...+7 градус болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 8...10 градус нөлдөн жогору, Нарын аймагында -7...-9 градус болору айтылды.
Термометр Бишкекте жана Ошто +7...+9 градусту көрсөтөт.
Январда аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу