Радио

Талантбеков: абжир — куу, митаам, арамза дегенди түшүндүрөт

"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.
Sputnik
"Абжир" деген көөнө сөз — митаам, арамза деген сөздөрдүн синоними. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
Анын айтымында, бул сөз учурда коомчулукта дээрлик колдонулбайт.
"Күнүмдүк турмушта колдонулбай калган абжир же абжүр деген көөнө сөз бар. Ал митаам, эки жүздүү, куу, арамза дегенди түшүндүрөт. Ошондой эле бузуку сөз деген маанини берген абжир сөз деген түшүнүк бар", — деди Талантбеков.
Манасчы көөнө сөздөрдү күнүмдүк турмушта колдонуу зарылдыгын кошумчалады.