Бүт баарын каттайт. Казакстанда видеокайгуул иштөөдө. Сүрөт

Жаңы жылдын алгачкы жумаларында полиция кызматкерлери унааларга орнотулган система менен жол кыймылынын эрежелерин бузгандарды аныктайт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Казакстандын шаарларын полициянын видеокайгуулдары кыдырып жатат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттигинин Telegram-каналы кабарлады.
Кайгуулчулар 15-январга чейин Костанай жана Рудный шаарларынын көчөлөрүндө иш алып барат.
Полициянын унааларына жол кыймылынын эрежелерин бузгандарды видеого каттаган система орнотулган. Аны "Ekin Patrol G2" деп аташкан.
Ал каражаттар автоунаанын номерин таанып, ылдамдыкты ашырып айдагандарды жана башка эреже бузууну каттайт. Бир эле убакта автоунаалардын номери базадан автоматтык түрдө текшерилип, издөөдө жүргөндөр жана айып пулун төлөй электер чыгат.
Алматыда ушундай эле "Сергек-Кайгуул" аталышындагы система бар.
Кайгуул милициясы арыздарды электрондук түрдө дагы кабыл алат