Тараз шаарында жаңы жылдык балаты өрттөнүп кетти. Видео

Өрт "Арбат" аянтында орнотулган 15 чарчы метрлик жасалма балатыдан чыккан. Тилсиз жоодон жабыркагандар болгон эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Тараз шаарында жаңы жылдык балаты өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.
Окуя 2022-жылдын 1-январында саат 00:06 чамасында "Арбат" аянтында болуп, 15 чарчы метрлик жасалма балатыдан өрт чыккан.
Видеодон анын жалындап күйүп, андан коюу түтүн чыгып жатканын көрүүгө болот.

"Өрттүн эмнеден чыкканы такталууда, жабыркаган адамдар жок", — деп жазылат куткаруучулардын маалыматында

Тилсиз жоо 15 мүнөттөн кийин эле толугу менен өчүрүлгөн.
Ысык-Көлдө өрттөн каза болгон үч бөбөк. Милиция окуянын чоо-жайын айтты