Жаңырган Жолборс жылында базалык гардеробго басым жасоону сунуштайм. Туура тандалган кийим-кече кийинки 3-5 жыл үчүн чоң инвестиция болот. Анткени сиз аларды өзүнчө ар кандай кийимдер менен айкалыштырып кийип, дайыма стилдүү көрүнөсүз. Бул тууралуу Акмарал Алмазбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, стилист менен иштеп, керектүү гана кийимдерди алып акчаны, убакытты үнөмдөсө болот.
"2022-жыл астрологияда суу жолборсу деп аталгандыктан көгүш түстөр популярдуу болот, Total denim же болбосо жинсынын өңүндөгү кийимдер актуалдуу. Андан тышкары, ток (коюу) кызыл, күлгүн кызыл, ток сары жана көпкөк өңдөгү кийим алсаңыз болот. Зер буюмдарды кийимдин түсүнө ылайыктуу тандаш керек. Сөзсүз түрдө эле кымбат аксессуар эмес, бижутерия да колдонуңуз. Жолборс принтин дизайнерлердин күз-кыш коллекцияларынан көрүүгө болот жана ал быйыл деле актуалдуулугун жоготпойт. Эгер сиз да мода тенденцияларын сактоону кааласаңыз, образда андай принттер ченемден ашпашы керек. Ар кандай түстөгү, шахмат принтиндеги буюм алсаңыз жаңылбайсыз", — деди Алмазбек кызы.
Адис 2022-жылы 90-жылдардагыдай кыска чолок шымдар, костюм-юбка, жеңи жок футболка, жилеттер, токулган кийимдер модада болорун кошумчалады.