Маанай көтөрөт! Бишкектеги жаңы жылдык салюттун асмандан тартылган сүрөттөрү

Бишкектик фотограф Михаил Дудин жыл жаңырган түнү борбор калаада атылган салюттардын асмандан тартылган сүрөттөрүн жарыялады.
Sputnik
Сүрөттөрдү Дудиндин Facebook баракчасынан көрүүгө болот. Ал калаанын көчөлөрүндө, үйлөрдүн короолорунда атылган учурларды асмандан тартып алган. 
1 / 10

Бул жылы "Ала-Тоо" аянтында салют атылган жок

2 / 10

Мэрия ыш азыркыдан дагы көп болуп кетпесин деген максатта салюттан баш тарткан

3 / 10

Мунун аркасы менен Бишкек бийлиги 800 миң сомду үнөмдөп калды

4 / 10

Аны башка маанилүүрөөк максаттарга жумшалат деп убада беришти

5 / 10

Мэрия шаардыктарга 31-декабрь күнү петардаларды колдонбой эле коюуну сунуштаган

6 / 10

Фотограф Михаил Дудин фейерверктердин дрон менен тартылган сүрөттөрүн жарыялады

7 / 10

Дудин бул сыяктуу окуяларды ар дайым дрон менен сүрөт жана видеого тартып келет

8 / 10

Калаа жетекчилиги шаардыктар үчүн майрамдык концерт уюштуруп берди

9 / 10

Сахнага эстрада ырчылары чыгышты

10 / 10

Президенттин куттуктоосун аянтка чогулгандар LED-экрандар аркылуу көрүштү