Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Туяк" программасында конокто кыргыздын чыгаан агартуучусу, коомдук ишмер, окуу китептеринин автору Базаркул Данияровдун өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу кеп кылдык. Залкар инсандын небереси Асел Даниярова редакцияда мейманда болду.
— Базаркул Данияровдун Кемин өрөөнүндөгү оокаттуу адамдардын уулу болгондугун айтышат. Ата-теги тууралуу маалымат берсеңиз?
— Базаркул Данияров атабыз Киринпрос (Кыргызстандын борбордук педтехникуму — ред.) деп аталган алгачкы кыргыз окуу жайынын башатында турган мугалим. Анын негизинде 1932-жылы биринчи педагогикалык институт түптөлгөн, анын артынан эле алгачкы жогорку окуу жайы, азыркы Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университет негизделет.
Базаркул атабыз Ишеналы Арабаев жана Касым Тыныстановдор менен кыргыз тилиндеги алгачкы окуу китептерин чыгаруунун башатында турган.
Ал 1897-жылы Кемин өрөөнүндө Данияр Байбото уулунун үй-бүлөсүндө туулган. Сиз айткандай, анын ата-энеси оокаттуу адамдардан болуптур. Башка кыргыздардай эле алар да малчылык менен алектенип, малын Анжиян базарына айдап барып сатып оокат кылышчу экен. Биз сарыбагыш уруусунан болобуз. Убагында чоң аталарыбыздын уруу арасындагы орду да чоң болуптур. Бул тууралуу өзүнчө сөз.
Ал кишинин чын эле ак сөөктөрдүн үй-бүлөсүнөн чыккандыгын тастыктаган фактылар бар. 1915-жылы Данияр атабыз замандын олку-солкусунан улам үй-бүлөсүнүн баалуу буюмдарын обочо жерге жашырат. Кийинчерээк ошол кенчти тапканда ичинен мөөр чыгып, анда араб ариби менен "Байбото бен Данияр" деп жазылган экен. Бул анын ак сөөктөрдүн тукумуна таандык экенин билдирет.
Экинчиден, Базаркул атабыз бала кезинде Россия Империясынын доорунда билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Анда мындай мүмкүнчүлүк ар бир эле кыргыз баласында болгон эмес.
Үчүнчүдөн, 1930-жылдары "партиялык тазалоо" учурундагы документтерге кайрылсак, Базаркулга "манаптардын үй-бүлөсүнөн чыккан" деген айып тагылган.
Шабдан мектеби. 1909-1912-ж.ж. Базаркул Данияров (солдон экинчи)
© Фото / предоставлено Базаркулом Данияровым
— Үркүндө да сиздин чоң аталарыңыз жабыркап, үй-бүлөсү менен көп запкы тарткандыгынан кабарыбыз бар...
— Ооба, туура айтасыз. Атасы Данияр 1916-жылдагы Үркүндөн бир жыл мурда каза болгон. Базаркул, апасы, бир тууган эже-карындаштары жана ага-иниси менен Кытайга качып, Үч-Турпанга чейин барышкан. Өз жеринен Кытайга тентип, бир жылдан кийин Кыргызстанга кайтып келе жатып жолдон да көп азап-тозокту баштан өткөрүшөт. Мындай кыйынчылыктар ошол заманда жашаган кыргыздардын көбүнүн башына келген.
— Бул киши ага чейин эле жаш кезинен билим алганы маалым...
— Базаркул Данияровдун билим дүйнөсүндөгү басып өткөн жолу элибиздин, өзгөчө билим берүү системасынын тарыхын толук чагылдырат. Ал билим алууну 12 жашынан баштаган. Бул азыркы мезгилге салыштырмалуу кеч. Бирок ошол маалда окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон миңдин бири болот.
Ал Шабдан медресесинде башталгыч билимин алган. Бул окуу жайын атактуу Шабдан баатыр 1909-жылы Кеминдеги Тар-Суу айылында негиздеген.
Тактык үчүн, Базаркулдун жашоосунун ушул мезгили жөнүндө бир аз кененирээк айтып берсем, ал кезде өлкөбүздүн аймагы XIX кылымдын экинчи жарымында жана 1917-жылдагы революцияларга чейин Түркстан генерал-губернаторлугунун же крайынын бир бөлүгү болгон. Орус Түркстаны деп аталган аймак азыркы Өзбекстан, Түштүк Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстанды камтыган. Түркстан Орусия Империясынын колониясы болгондуктан согуш министрине баш ийген аскердик административдүү система менен башкарылган. Албетте, орто, атүгүл башталгыч билим берүү да болгон эмес. Ага чейин "кадимчилер" деп аталган мусулман мектептери жана медреселери болгон. Алар куранды жаттатуу жана жүрүм-турум эрежелеринен башка эч нерсени үйрөтүшкөн эмес. Түркстандын администрациясы орус башталгыч мектептерин жана айрым гимназияларын ачып, жергиликтүү калк үчүн эки-үч жылдык орус-тузем мектептер иштеген. Бул окуу жайлар падышалык администрация үчүн котормочуларды жана катчыларды даярдаган.
ХХ кылымдын башында Кыргызстанда прогрессивдүүлүгү менен эсте калган жадидчилик кыймылы пайда болот. Жадид мектептеринин өзгөчөлүгү — алар куран окуудан тышкары светтик сабактарды, атап айтканда, математика, география, тарых, жадагалса ырчылыкты окуткан. Мында окуучулар тамга таанып, муундап китеп окуганды үйрөнүшкөн. Абдан маанилүү факт – жадид мектептерин кыргыз манаптары өз каражаттарынан жана өз аракеттери менен уюштуруп, куруп жана аларды каржылашкан.
Жогоруда айтылган Шабдан медресесинде 1909-1912-жылдарынын ичинде 150дөй кыргыз бала билим алган. Бир нече бүтүрүүчү келечекте мугалим болушкан.
23.01.1928-жыл. Базаркул Данияров жана жубайы Гафифа Халикова
© Фото / предоставлено Базаркулом Данияровым
— Ташкенттеги казак-кыргыз институтуна кандайча барып окуп калган?
— Ташкенттеги Кыргыз агартуу институту тарыхыбызда абдан маанилүү окуу жай катары эбегейсиз зор роль ойнойт.
Ал учурда болгону үч окуу жай болгон. Биринчиси Ташкенттеги Киринпрос (1920-жылы ачылган), андан кийинкиси 1921-жылы Алматыда негизделген Киринпрос окуу жайы. Ал эми 1925-жылы ачылган Пишпек-Фрунзедеги Киринпрос, анын биринчи жетекчилери Петр Юдахин жана Базаркул Данияров болушкан. Атабыз билимге дилгирлигинен жана ак сөөк тукумунан болгондуктан Ташкентте окуу мүмкүнчүлүгүн алат. 1920-жылы Ташкентте казак жана кыргыз элинин тарыхында Казандагы мугалимдер жогорку билимдүү казактар, мурдагы алаш-ордолуктар, Казакстандын тарыхында эбегейсиз из калтырышкан. Базаркул Данияров бул окуу жайга эң биринчи кабыл алынган алгачкы бүтүрүүчүлөрүнөн болгон. 1920-жылы Касым Тыныстанов, Осмонкул Алиев болуп үчөө окууга чогуу киришет. Атабыз 1924-жылы 8-февралда мөөнөтүнүн мурда сынактарды тапшырып, билими тууралуу күбөлүк алган эң биринчи жети бүтүрүүчүнүн катарында болгон. Ооруга байланыштуу Касым Тыныстанов жарым жылдан кийин гана күбөлүгүн алса, кийинки жылы Кусейин Карасаев, Жапар Шүкүров, Төкө Абдырахманов жана Мустафа Акматовдор бүтүрүшкөн.
1929-жыл. Педтехникумдун виньеткасы.
© Фото / предоставлено Базаркулом Данияровым
— Базаркул Данияров эл оозеки чыгармачылыкты жыйноо жаатында да көп иштерди жасаган экен?
— Чоң атабыз Ташкентте окуп жүргөн кезинде эле этнографиялык экспедицияларга активдүү катышкан. Маселен, 1923-жылы Түркстан эл агартуу комиссариатынын алдындагы Кыргыз (Казак) илимий комиссиясы тарабынан атактуу казак акыны, "Алаштын" мурдагы мүчөсү Магжан Жумабаевдин жетекчилиги астында жана андан кем эмес атактуу жазуучу, манас таануучу, кыргыз таануучу десек болот, Мухтар Ауэзов менен бирге фольклор жыйноого жиберилген. Бул сапардан кийин Базаркул менен Мухтар абдан жакшы мамиледе болуп, кийинчерээк Фрунзеге келгенде Мухтар Ауэзов дайыма Базаркулдун үйүнө токтоп, экөө манас таануу маселелерин көпкө талкуулап отурушчу экен.
Кусейин Карасаев өз эскерүүсүндө:"Ташкендеги Түркстан эл агартуу комиссариатынын алдында Кара кыргыз-билим комиссиясы деген болгон эле. Аны башкарган Ишеналы Арабаев болчу. Институтта окуган алдыңкы курстагы кыргыз жаштары: Касым Тыныстанов, Базаркул Данияров, Осмонкул Алиевдер ошол комиссияга мүчө болушуп, анча-мынча иш жүргүзүп жүрчү эле. Ошол учурда Ишеналы Арабаев атактуу манасчы Сагынбай Орозбак уулун чакыртып, аны менен келишим түзүп "Манасты" чогултуп жүргөн кез. Эл адабиятын чогултууга кыргыз жаштары белсене киришип аткан маал. Базаркул Данияров да "эл адабиятын кандай чогултуу керек" деген маселеге шайдоот катышып, ошонун жол-жоболорун түзүп, гезитке жарыялаганы да эсимде" ,— деген.
Чын эле 1925-жылы "Эркин Тоо" гезитине Базаркул Данияров "Фольклорду жыйноо боюнча колдонмону" жарыялап, аны массалык мүнөздө жайылтууну көздөйт.
1926-жыл 2-ноябрь. Жаңы кыргыз алфавит комитетинин 1-уюштуруу жыйыны. Солдон оңго карай отургандар: белгисиз адам, Иманалы Айдарбеков, Осмонкул Алиев, Исмаилбек Якупбаев (Жакыпбаев), Касым Тыныстанов, Семен Эрлих. Тургандар: Базаркул Данияров жана белгисиз адам.
© Фото / предоставлено Базаркулом Данияровым
— Жеке турмушу тууралуу айтсаңыз?
— Базаркул Данияров — менин чоң атам Бакир Данияровдун иниси. Ал да репрессияга дуушар болуп, 1931-жылы дайынсыз жоголгон.
Бакир атанын сегиз баласы болот, анын төрт баласын Базаркул ата жубайы менен чоңойтуп, калгандарына да каралашкан. Анын өз балдары болгон эмес. Базаркул ата оокаттуу татар үй-бүлөсүнөн чыккан Гафифа Халиковага үйлөнгөн. Ал да билимдүү кыз болуп, кыргыз тилин, салтын мыкты билген. Күйөөсүн абдан жакшы көрүп, сыйлап өтүптүр. Ал кезде кыргыздын көптөгөн белгилүү инсандары татар кыздарга баш кошкон. Буга абдан жөнөкөй себеп бар. Анткени алар ошол учурда эле сабаттуу, айрымдары жогорку билимдүү болушкан. Белгилүү болгондой, билим алган кыргыз жигиттерине да жан дүйнөсү жакын адамдар менен баарлашуу ыңгайлуу болсо керек.
Репрессияга кабылган учурда көп үй-бүлөлөр коркуп, жасаган эмгектерин тастыктаган кагаздарын, документтерин, фотосүрөттөрүн жок кылышкан. Бул эптеп аман калуу жана балдарын коргоп калуунун чарасы болгону түшүнүктүү. Бирок Гафифа апа көптөгөн жеке документтерин жана сүрөттөрүн, анын ичинде студенттердин жалпы сүрөттөрүн, бүтүрүүчүлөрдүн виньеткаларын сактап калууга жетишкен. Мен жакында чыгарган китепте 154 фотосүрөт бар. Алардын үчтөн бир бөлүгү, балким, андан да көбү уникалдуу.
Гафифа да күйөөсүнүн ГУЛАГдан жазган каттарын тарых катары сактап калган. Бул 17 каттын баары китепте камтылган. Ошентип апабыз күйөөсүнүн кабарын көпкө издеп жүрүп, анын өлүмүн арадан 18 жыл өткөндөн кийин гана билиптир.
— Үй-бүлөсү ошол жылдары кандай запкы тарткан?
— Албетте, эң коркунучтуу жаза – жакын адамынан, анын колдоосунан жана камкордугунан айрылуу. Мындай трагедия бүт үй-бүлөгө — анын ичинде аялына, Базаркулдун жесир жеңесине (апабызга) жана чоң атамдын балдарына да оор болгон. Аны баары жакшы көрчү жана сыйлачу. Агасы каза болгон соң үй-бүлөсүнүн милдети анын мойнуна илинет. Алар адилетсиздикке, ырайымсыздыкка, куугунтукка жана жанындагы адамдардын чыккынчылыгына туш болушкан.
Базаркул ата камалганда үй-бүлөсү эптеп күн көрүүгө аргасыз болуп, Фрунзе шаарындагы окуп жаткан балдары окуусунан чыгып, апабыз чүрпөлөрү менен бир канча убакытка Чоң Кеминде баш калкалашкан экен. Бакирдин балдарынын улуусу Төлөнбай байке да Казакстанга качууга аргасыз болот. Ал жактан Мухтар Ауэзовдун жардамы менен мугалим болуп орношуп иштеп, апасына, ини-карындаштарына акча жөнөтүп турган.
1928-жыл. Базаркул Данияров тактага латын арибинде: "Кыргыз эл адабиятын жыйноо үчүн" деп жазып жатат.
© Фото / предоставлено Базаркулом Данияровым
— Базаркул Данияров илимий-практикалык иштер менен алпурушуп жүргөндө камалып, Россиянын саясий туткундар абагында каза тааптыр. Өмүрүнүн акыркы жылдарын эскерсеңиз?
— Базаркул Данияров 1937-жылы 9-августта камакка алынган. Белгилей кетсек, Киринпросту 1924-жылы 8-февралда бүтүргөндөрдүн жетөө тең ар кайсы жерде жашаса да, бири-бири менен дээрлик байланышып турбаса да бир мезгилде камакка алынган. Осмонкул Алиев менен Базаркул Данияров бир күндө, Касым Тыныстановду бир жума мурда кармашкан.
Базаркул Данияровдун ГУЛАГдан жазган каттарындагы ошол кездеги катаал мамиле жазылган. Аны жубайына жана жакындарына жиберген. Ал кандай киши болгонун каттары ачык көрсөтөт. Зордукка, адилетсиздикке кабылгандан аялына: "Коркпойм, бул жерде мага окшогондор көп. Сен мени ойлобой жашооңду куруп ал! Мен үчүн арыз менен эч жакка барба. Эч кимден эч нерсе сураба! Иште, өз алдыңча бол, өзүңдү камсыз кылганга аракет кыл, жашооңду кур жана эч нерсени элден, жетекчилерден сураба. Мен ак иштеген чыныгы эл мугалими элем... Мейли, доор ошондой. Тагдырга баш ийүү керек. Аздыр-көптүр өз колуман келчү ишти эмгекчи элге жасай алдым", — деп жазган.
Бул анын өмүрүнүн акырында жазган каттары болуп эсептелинет.