Арыктап, өзгөрүп калыптыр. ЖМКлар Ким Чен Ындын сүрөтүн талкуулап жатат

Соцтармактарда түндүк кореялык лидердин мурдагыга караганда арыктап калганын кеп кылып жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жаңы сүрөттөрүндө арыктап калганы батыш басма сөзүндө бир топ кептин башы болду.
Жакында Түндүк Кореянын Борбордук телеграф агенттиги социалдык тармакка Ким Чен Ындын өлкөнүн эмгек партиясынын борбордук комитетинин пленумундагы тартылган сүрөтүн чыгарды.
Мамлекет башчысынын сүйлөгөнүн комментарий кылган The Daily Mail басылмасы көңүлдү көбүрөөк анын сырткы көрүнүшүнө бурган.
"Ким Чен Ын азыр мурдагыга караганда арыкчырай, келбеттүү көрүнүп калыптыр", — деген журналисттер.
Анын кандай өзгөргөндүгүн көрсөтүш үчүн басылма 2019-жылдын марты менен 2020-жылдын мартында тартылган сүрөттөрүн салыштырган.
Буга чейин түндүк кореялык ЖМКлар Ким Чен Ындын "өлкө үчүн бел чечпей эмгектенип" арыктагандыгын түшүндүргөн. Ал эми түштүк кореялык медиа маалымат булактарына таянып алардын лидери ден соолугуна кам көрүп, салмагын азайткандыгын билдирген болчу. Октябрь айында "Рёнхап" агенттиги түштүк кореялык чалгын маалыматына таянып Ким Чен Ын 20 килограммга арыктагандыгын, ден соолугунда көйгөй жоктугун жазган.
Мотурайган Путин, суйкайган Клинтон. Саясатчылардын бала кезиндеги сүрөттөрү
Ким Чен Ын АКШ менен диалогго барбай турганын айтты