Гүлшан Молдоева, Асылбек Өзүбеков. Жапаров наам ыйгаргандардын тизмеси

Садыр Жапаров жаңы жыл алдында 220 кыргызстандыкка мамлекеттик сыйлык ыйгаруу боюнча жарлыкка кол койду.
Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бир катар кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлык жана наам ыйгарган жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
Алар ар кыл тармакта иштеген кыргызстандыктар.
II даражадагы Манас ордени композитор Сардарбек Жумалиев, скульптор Виктор Шестопал, ал эми III даражадагы Манас ордени жазуучу Мелис Абакиров баштаган алты кишиге ыйгарылган.
1 / 4

Композитор Сардарбек Жумалиев

2 / 4

Скульптор Виктор Шестопал

3 / 4

Алып баруучу Гүлшан Молдоева

4 / 4

Ырчы, актёр Асылбек Өзүбеков

Алып баруучу Гүлшан Молдоева, ырчы, актёр Асылбек Өзүбеков баштаган бир топ өнөр адамдары Кыргыз Республикасынын эл артисти болду. Мындан сырткары, мамлекеттик сыйлыкты дарыгерлер, мугалимдер, куруучулар жана башка бир топ тармактагылар алган.
"Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, ошондой эле кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн төмөнкү жарандар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты", — деп жазылган маалыматта.
Алар II, III даражадагы Манас, Данакер, Даңк ордендери, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын эл акыны, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, Эрдик, Даңк медалдары жана дагы бир топ наамдар.
Сыйлык алгандардын тизмесин бул шилтемеден толук окусаңыздар болот.
Исфана шаарын Раззаков калаасы кылып өзгөртчү жарлык чыкты. Эмнелер айтылды