БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
"Бул министрлер кабинетинин ченем жаратуу ишинин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу, ушул жааттагы процесстерге илимий ыкмаларды киргизүү максатында кабыл алынды", — деп жазылат маалыматта.
Буга катар Юстиция министрлигине караштуу жаңы институт жөнүндө жобо бекитилген.