Катарда Нуньес утулган Пенья бар. Быйылкы UFС чемпиондорунун видеосу

Көпчүлүккө UFC уюму быйыл кимдерди чемпион кылганы кызык болсо керек. Видеотоптомго бел курун коргогондор кирген жок.
Sputnik
Ролик дүйнөлүк уюмдун YouTube каналына чыкты.
Жыл башында аялдар арасында эң кичине салмакта (52 кг) чемпиондукту бербей турган кытайлык Вейли Жанг америкалык Роус Намаюнаска наамын алдырып жиберди.
Камерундук Френсис Нганну оор салмактагы мушкерлердин падышасына айланды. Ал америкалык чемпион Стип Миочичти нокаутка кетирип, наамын тартып алды.
Жыл этектеп баратканда тарыхый окуя болду. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченконун келишкис атаандашы — UFC уюмунун жеңил салмактагы (61 кг) чемпиону Аманда Нуньес венесуэлалык Жулианна Пеньяга утулуп, курунан кол жууду.
Дагы кимдердин жылдызы жанганын видеотоптомдон көрүңүз.
Акыркы ирмемде өзүн колго алды. UFC мыкты камбэктердин видеосун жарыялады