"Шамбала" Иранда өткөн фестивалда 7 номинацияда жеңүүчү болду

Бул фильм Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" картинасы Иранда өткөн MOVING эл аралык кинофестивалында жети сыйлыкка ээ болду. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси фестивалдын сайтына жарыяланган.
Тасманы жаратуучулар төмөнкүдөй номинацияларда жеңүүчү болушту:
Мыкты оператор — Акжол Бекболотов, Мурат Алиев;
Мыкты композитор — Мурзали Жеенбаев;
Мыкты үн режиссёр — Бакыт Ниязалиев, Калыбек Шерниязов;
Мыкты монтаж — Наргиза Маматкулова, Караш Жанышов, Элдияр Мадаким;
Мыкты грим — Айгүл Кыдыралиева;
Мыкты костюм — Айгүл Кыдыралиева;
Мыкты визуалдык эффект (VFX) — Элдияр Мадаким, Изат Абдраимов.
Белгилей кетсек, режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы беделдүү "Оскар" сыйлыгынын "Мыкты чет элдик тасма" номинациясынын узун тизмесине кирген.
"Шамбала" Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган. Тасма буга чейин Азия кинолорунун дүйнөлүк фестивалында (AWFF) "Көрүүчүлөрдүн симпатиясы" сыйлыгын алган.
Ал эми Sputnik Кыргызстан агенттиги башкы каарман Шамбаланын ролун жараткан Артур менен маектешкен.
Буга чейин тасманын трейлери жарыяланган.
“Шамбала” тасмасынын командасы Квентин Тарантино менен жолукту. Видео