Радио

Сулайманов: шайлоочуга үч түрдүү санды жаттап калуу оор болду

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов парламенттик шайлоого киргизилген аралаш системасынын оң жана терс жактарына токтолду.
Sputnik
Өлкөдө аралаш системадагы шайлоо алгач ирет өткөрүлгөндүктөн мүчүлүштүктөр болбой койгон жок. Шайлоочуларга бюллетенден бир учурда үч башка санды жаттап калуу кыйынчылык жаратты. Мындай пикирин Алтынбек Сулайманов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, партиялар тамгалар менен белгиленгенде шайлоочуларга жеңилирээк болмок.
"Аралаш системасында партиянын, анын ичиндеги тандаган талапкердин номерин жаттап калып жана бир мандаттуу округдан чыгып жаткан талапкердин да номерин эске тутуу чынында оор болду. Кийинки шайлоолордо бул катачылыкты жоюу керек деп ойлойм. Бирок жакшы жагы — эми парламентке өткөн талапкерлер элге кызмат кылууга, элдин көз алдында болгонго далалаттанышат. Анткени ар бир добуш жеке тандоо менен берилди. Мурда партиялык катаал тизмеге кирип алып эле Жогорку Кеңешке өткөн соң уктап жата беришчү. Эми анте албайт", — деди Сулайманов.
Депутат келечекте эл өкүлү болууну каалагандар эми алдын-ала элге кызматын өтөп анан келе тургандай система түзүлгөнүн кошумчалады.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңешке шайлоо аралаш система менен өткөн. Алтынбек Сулайманов мындай система менен парламенттик шайлоо өткөрүү боюнча сунушталган мыйзамдын авторлорунун бири.