"Элибиздин эртеңи, өлкөнүн келечеги жүрөккө бекем орноп, дайыма ойго салат. Ал — мекен алдындагы чоң жоопкерчилик. Быйыл өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгиледик. Бул тарыхый күндү ата-бабалар кылымдар бою эңсеп, канча оор азапты, кыйынчылыктарды көрдү. Тагдырдын тайгак жолунда чабылды, чачылбады. Бүлүндү, бөлүнбөдү. Бир муштумга биригип, узун тарыхтын учугун улап келди. Эркиндик — ар бир кыргыз баласынын көкүрөгүндө эң ыйык түшүнүк. Эркиндикке карай кеткен тарых жолуна канча өмүр арналып, канча өмүр кыйылды. Эркиндиктин 30-жылында президент катары алгачкы жолу кыргыз элиме куттуктоо иретинде кайрылып жатам. Мекенди көздүн карегиндей сактап, урпактарга эзелтен келген ыйык аманат катары калтырышыбыз керекпиз. Ар бир жараныбыз бакубат, жыргал жашоодо жашоого татыктуу. Бул менин президент, адам катары ыйык милдетим. Алдыда кыйын, бирок сыймыктуу иш турат. Ал Кыргызстанды өнүккөн өлкөгө айлантуу", — деген президент.
Жапаров кирип келген жыл асыл ой-максаттардын ишке ашкан жылдарынан болуусун каалап, кыргыз элине ден соолук, ачык асман тилеген.