Садыр Жапаровдун куттуктоосу саат 23:42де көрсөтүлөт

Бүгүн Садыр Жапаров президент катары биринчи жолу кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктайт.
Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун видео куттуктоосу саат 23:42де көрсөтүлөт. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын айтымында, президенттин кайрылуусун республикалык бардык телеканалдардан көрүүгө болот.
Султанбаев бүгүн Садыр Жапаров президент катары биринчи жолу куттук сөзүн айтарын кошумчалады.
Путин кыргызстандыктарды жана Садыр Жапаровду жаңы жылы менен куттуктады
Психолог майрамдык маанай жаратуунун ыкмасын айтты