Путин кыргызстандыктарды жана Садыр Жапаровду жаңы жылы менен куттуктады

Россия лидери Садыр Жапаровго ден соолук жана ийгилик, ал эми элге тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.
Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Путин 2021-жылдагы орус-кыргыз мамилелеринин оң динамикасын белгилеген.
"2021-жыл достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген орус-кыргыз мамилелеринин оң динамикасы менен жыйынтыкталды. Соода-экономикалык, гуманитардык жана аймактар аралык байланыштар, евразиялык интеграциялык процесстердин алкагында өз ара кызматташуу, коронавирус пандемиясына каршы күрөштө күч-аракеттерди бириктирүү күчөтүлдү. Биз Россия менен Кыргызстандын ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты — элдерибиздин бакубатчылыгы үчүн, Борбордук Азия чөлкөмүндө туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо кызыкчылыгында мындан ары да ийгиликтүү жүргүзө берерибизге ишенем", — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Владимир Путин Садыр Жапаровго ден соолук жана ийгилик, ал эми бардык кыргызстандыктарга тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.
Акылбек Жапаров Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү