Радио

Зарылбек уулу: Пробация департаментинде 12 миңдей кардар учётто турат

Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин директору Алмазбек Зарылбек уулу учурда 12 миңдей киши пробация кардары катары учётто турганын айтты.
Sputnik
2021-жылдын алкагында Пробация департаменти 16 миң кардар менен иш алып барып, укуктук маселелер каралды. Бул тууралуу Алмазбек Зарылбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Пробация департаментине Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин жаза аткаруу милдети берилди.
"Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаменти 2019-жылдан тарта мамлекеттик аткаруучу орган катары ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Башында 5 миңдей адам учётто турган. Учурда пробациянын төрт түрүнүн алкагында 12 миңге жакын адам бизге катталган. Ал эми быйыл департамент өлкөдө 16 миңдей кардар менен иш алып барды. Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан баштап үч кодекс күчүнө кирген. Ага байланыштуу Пробация департаментине Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин жаза аткаруу милдети жүктөлгөн. Мындан тышкары, оор эмес кылмыштардын жазасын аткарып келсек, эми жаңы редакциядагы кодекстерде оор кылмыш кылган жарандар да биздин учётко каттала алат", — деди Зарылбек уулу.
Ошондой эле адис 2021-жылы пробациянын төрт багытын толук санариптештирип, эми кызматтык кеңселердин иш тартибин жөнгө салуу аракеттери болорун кошумчалады.