РФ элчиси Удовиченко кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктады. Видео

Дипломат 2021-жылы Кыргызстан үчүн өтө маанилүү саясий окуялар менен коштолгонун белгилеп, Баш мыйзам кабыл алынып, парламенттик шайлоо ийгиликтүү өткөнүн кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко кыргызстандыктарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады.
Видео куттуктоо анын Instagram-аккаунтуна жарыяланды.
Дипломат 2021-жылы өтө маанилүү саясий окуялар менен коштолгонун белгилеп, Баш мыйзам кабыл алынып, парламенттик шайлоо ийгиликтүү өткөнүн кошумчалады. Удовиченконун айтымында, келе жаткан жыл евразиялык интеграция процессинде олуттуу окуялар менен коштолмокчу.
"Кыргызстан бул процессте чоң роль ойнойт. Анын үстүнө Кыргызстан 2022-жылы ЕАЭБге төрагалык кылат. Эки тараптуу мамилелер тууралуу айта турган болсок, биз мурдагыдай эле байланышты өнүктүрүү жолунда болмокчубуз. Россия бардык саясий жана экономикалык өзгөрүүлөргө колдоо көрсөтө берет", — деди элчи.
Ал кыргызстандыктарда аманчылык, ден соолук жана ийгиликтерди каалады.=
Садыр Жапаровдун куттуктоосу саат 23:42де көрсөтүлөт