Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз 13 млрд. сом бөлөт. Акча эмнеге жумшалат?

Келишимге кыргыз тараптан министр Данияр Амангелдиев, ал эми экинчи тараптан Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Кытай Кыргызстанга 1 миллиард юань (13 миллиард сом) берет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин сайтында жазылган.
Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын буга чейинки жогорку деңгээлде жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрүнө ылайык, 31-декабрда Экономика министрлигинде Кытай өкмөтү тарабынан берилчү кайтарымсыз жардам тууралуу эки келишимге кол коюлган.
"Биринчи келишимдин алкагында 350 миллион юань, экинчиси боюнча 650 миллион юань берүүсү каралууда. Жалпысынан Кытай Кыргызстанга 1 миллиард юань бөлөт. Ал каражат буга чейин тараптар сүйлөшкөн социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат", — деп айтылат маалыматта.
Келишимге кыргыз тараптан министр Данияр Амангелдиев, ал эми коңшу өлкө тараптан Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь кол койгон.
Жолугушуунун жүрүшүндө Амангелдиев Кытай Кыргызстандын соода жана инвестиция боюнча негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеген.
Кыргызстандын экономикасында 2023-жылга чейин кандай өзгөрүү болот? Божомол