БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 56 адамдан коронавирус табылып, эки бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Бишкек – 41;
Чүй облусу – 1;
Ош облусу – 2;
Талас облусу – 2;
Жалал-Абад облусу – 7;
Баткен облусу – 3.
Өлкөдө COVID-19 илештиргендердин жалпы саны 184 689га жетти. Анын ичинен 179 826 адам дартты жеңген. Тилекке каршы, өлүм учурлары дагы эле катталууда. Өткөн суткада коронавирус эки адамдын өмүрүн алган. Азыркы учурда ооруканада 257 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 30унун абалы өтө оор деп бааланды.