Ишембиге карата аба ырайы

1-январга караган түнү Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Республиканын башка аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Ишембиде Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында кар жаашы ыктымал. Калган региондордо күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Маалыматка ылайык, түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +6...+11, Талас, Ысык-Көл жергесинде +1...+6, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +7...+12 градус жылуу, ал эми Нарын аймагында -4...-9 градус суук болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте жана Ошто +8...+10 градуска жетет.
Кара деңиз саргарып кеткен видео. Адистер себебин айтышты