Акылбек Жапаровдун орун басары Аалиевден коронавирус табылып, обочолонууга өттү

Аалиев менен байланышта болгон кызматкерлерге ПЦР-тест тапшыруу сунушталган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиевден коронавирус аныкталып, обочолонууга өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Билдирмеге караганда, учурда ал үй карантининде.
"Бүгүн, 31-декабрда, анын коронавируска тапшырган ПЦР тести оң чыгып, обочолонууга кетти", — деп айтылат маалыматта.
Аалиев менен байланышта болгон президенттик администрация менен профилдик мамлекеттик органдардын кызматкерлерине ПЦР-тест тапшыруу, эс алуу күндөрү обочолонуу сунушталган.
Вирусолог пандемия кандай учурда бүтөрүн айтты