БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Бишкекте өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырып, документтерди жасалмалап жүргөн деп шектелип 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек милициясынан билдирди.
Маалыматка караганда, шектүүнүн жанынан октолгон курал жана кызматтык күбөлүк табылган.
"Кийин анын автоунаасын тинтүү учурунда "ИИМ" деген жазуусу бар жилет табылды. Алынган буюм-тайымдардын бардыгы соттук-баллистикалык экспертизага жөнөтүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.
Аталган факты Биринчи май райондук сотунун Кылмыш жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Жазык кодексинин 379-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") менен кылмыш иши козголду.
Шектүү Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилген.