АКШ коопсуздук кепилдиги боюнча идеяга унчукпаса, Россия чара көрөрүн айтты

РФ менен АКШнын Россиянын коопсуздук кепилдиги жаатындагы сүйлөшүүлөрүн Женева шаарында 10-январда өткөрүү пландалган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Эгерде АКШ менен НАТО айтылган мөөнөттө коопсуздук кепилдиги боюнча берилген сунуштарга үн катпаса, анда Россия стратегиялык балансты жана кооптуулукту четтетүүнү камсыздоо үчүн чараларды кабыл алат. Бул тууралуу ТИМ башчысы Сергей Лавров РИА Новостиге айткан.
РФ менен АКШнын Россиянын коопсуздук кепилдиги жаатындагы сүйлөшүүлөрүн Женева шаарында 10-январда өткөрүү пландалган. Андан соң 12-январда бул сунуштар Брюсселде боло турган Россия — НАТО кеңешинин атайын чакырылган жыйынында, эртеси, 13-январда, ЕККУнун Венадагы аянтчасында талкууланмакчы.
"Эгерде тиешелүү мөөнөттө конструктивдүү жооп болбосо, Батыш өзүнүн агрессиялуу иштерин улантса, Россия коопсуздукка жаралган коркунучтарды четтетүү жана стратегиялык балансты камсыздаш үчүн зарыл чараларды көрүүгө мажбур болот", — деген Лавров.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги 17-декабрда коопсуздук кепилдиги жөнүндө АКШ менен келишимдин жана НАТО менен макулдашуунун долбоорун жарыялаган. Документтер Вашингтон менен анын союздаштарына жеткирилген.
Анда Европадагы коопсуздук боюнча өз ара жобо, орто жана алыс аралыкка атылуучу ракеталардын бири-бирине жете турган аралыкта жайгаштырбоо, НАТОнун күчтөрү орун алган аймактарды мындан ары кеңейтпөө (анын ичинде мурдагы союздук республикалар да киргизилген) боюнча айтылган.
Путин: Россия АКШ менен НАТОдон коопсуздук кепилдиги боюнча так жооп күтөт