Облус башчысы "Головной" жана заставалардагы аскерлерден кабар алды. Сүрөт

Облус башчысы аскерлерге мекендин тынчтыгы, коопсуздугу үчүн чек арада — эң алыста, шарты катаал аймакта кызмат өтөп жатканынын өзү эле чоң эрдик экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев аймакта жайгашкан "Тамдык" чек ара заставасынын чек арачыларын Жаңы жыл майрамы менен куттуктоо үчүн барды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев аймакта жайгашкан "Тамдык" чек ара заставасынын чек арачыларын Жаңы жыл майрамы менен куттуктоо үчүн барды

2 / 3

Ошондой эле Алимбаев Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Сай постунда жана Капчыгай чек ара заставасында турган чек арачыларды жана Улуттук гвардиянын "Головной" участкасында кызмат өтөгөн жоокерлерди да куттуктап, белектерин тапшырган

3 / 3

Алимбаев заставанын жана посттун шарттары менен таанышып чыгып, чек арачылардын ыңгайлуу шартта жашоосун камсыз кылуу боюнча жигердүү иш-аракеттер жасала турганын белгилеген

Ошондой эле Алимбаев Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Сай постунда жана Капчыгай чек ара заставасында турган чек арачыларды жана Улуттук гвардиянын "Головной" участкасында кызмат өтөгөн жоокерлерди да куттуктап, белектерин тапшырган.
"Мекендин тынчтыгы, коопсуздугу үчүн чек арада — эң алыста, шарты катаал аймакта кызмат өтөп жатканыңардын өзү эле чоң эрдик. Ал эми аймактын кооптуулугун эске алсак, өз өмүрүңөрдү, ден соолугуңарды аябай, ыйык милдетиңерди чыдамкайлык менен аткарып, чек араны бекем коргоп турасыңар. Бул үчүн өзүмдүн жана жалпы элибиздин атынан силерге терең ыраазычылык билдирем. Силердин күжүрмөн аракетиңер менен бүгүн ар бир үй-бүлө бактылуу", — деген облус башчысы.
Алимбаев заставанын жана посттун шарттары менен таанышып чыгып, чек арачылардын ыңгайлуу шартта жашоосун камсыз кылуу боюнча жигердүү иш-аракеттер жасала турганын белгилеген.
Облус жетекчиси чек арачыларга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу кызматында ийгилик каалаган.
Садыр Жапаровдун куттуктоосу саат 23:42де көрсөтүлөт
Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуу: Тажикстандын 2 жаранына жаңы өкүм чыкты