БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу жаңы шайланып келген VII чакырылыштын депутаттарына кайрылуу жасады.
Өлкө башчы президент менен парламенттин иш башкармалыгы боюнча кеп козгогон.
"7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин урматтуу депутаттары, "Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы президенттин иш башкармалыгы менен биригип калыптыр, кайра өзүнчө бөлүп алалы" деген пикирден кайтууну өтүнөм. Президентти, парламентти, министрлер кабинетин бир эле иш башкармалык тейлейт. Баарына бирдей баш иет. Себеби бул мамлекеттик мекеме. Силерди тейлейм, силерди тейлебейм деген принцип болбойт. Эмне муктаждык болсо, билдирме берсеңиздер камсыз кылышат. Кылбайбы, арыз жазгыла. Жетекчилери дароо жооп беришет, керек болсо кызматтан кетишет. Өзүнчө бөлүп алганыңарда бюджеттен кошумча көп каражат кетет. Кошумча штаттар ачылат. Элдин акчасын үнөмдөйлү. Өзүнчө бөлүп алсаңыздар эле бир башкача тейленип кетпейсиздер. Баарыбызды бир эле иш башкармалык бирдей тейлеп жатат жана тейлей берет. Төшөгүбүзгө жараша бутубузду суналы. Элдин акчасын үнөмдөө үчүн баарын бириктирип, бир эле башкармалык тейлесин дедик", — деди Жапаров.
Кечээ, 29-декабрь күнү, Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттары ант берип кызматына киришти. Анда сөз сүйлөгөн Адахан Мадумаров эгер ал төрага болуп кала турган болсо ЖКнын иш башкармалыгын президентке бербей турганын белгилеген.
Эске салсак, 2-декабрда мамлекет башчы Садыр Жапаровдун жарлыгы менен ЖКнын иш башкармалыгы президенттин иш башкармалыгына карап калган.